​Дүйнөлүк олимпиадада окуучулар 2 коло тагынды

17-Июль 2017, Дүйшөмбү

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары Кыргызстандын курама командасы менен 49-Дүйнөлүк (International Chemistry Olympiad ICHO-2017) химиялык олимпиадада 2 коло медаль алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын жана “Семетей” Кадамжай лицейинин 10-класстын окуучулары Автандил Саиддин жана Баяман Базарбаев 2017-жылындагы Дүйнөлүк химиялык олимпиадада байгелүү орундарды ээлешти.

Бул химиялык олимпиадага 2016-2017-жылдардагы Менделеев олимпиадасынын коло медалдардын ээлери да Кыргызстандын курамасында катышышты: “Манас Ата” Талас жана “Сема” Ош лицейлеринин окуучулары Ильяс Батырбеков жана Эржигит Абдыкерим уулу.

2017-жылдын 6-15-июль күндөрү Тайланд мамлекетинин Накхонпатхом шаарында химия сабагы боюнча эң атактуу саналган окуучулар арасында 49-Дүйнөлүк химиялык олимпиада өткөрүлдү. Жалпысынан бул олимпиадага 76 мамлекеттен келген 304 окуучу химия сабагы боюнча билимдерин сынашты.

Олимпиада 2 турдан турат: эксперименттик жана теоретикалык. Ар бир тур үчүн 5 саат убакыт бөлүнүп, 2 башка күндө уюштурулат. Теоретикалык турунда 60 балл алса болот, ал эми практикада болсо - 40 балл. Ар тур өзүнчө бааланат, эки турдун жыйынтыктарынын суммасы катышуучунун жалпы жыйынтыгын чыгарып берет.

Ар бир катышкан мамлекеттен экиден өкүл Эл аралык калыстар тобунун курамын түзүшөт, алар өз кезегинде тапшырмаларды талкуулашып, аны катышуучу үчүн ыңгайлуу болгон тилге которуп беришет.

Дүйнөлүк химиялык олимпиадага катышууну каалаган өлкө 2 жыл катарынан байкоочу болушу керек.

Ар бир мамлекеттин курамасына эң көп 4 окуучу жана 2 мугалим кириши мүмкүн. Бул олимпиада расмий түрдө окуучунун билим сыноо олимпиадасы. Катышуучулардын жаш курагы 20 ашпаган жана ЖОЖ окубашы абзел.

Дүйнөлүк химиялык олимпиадан байгелүү орунду ээлөө химия сабагын тандап алган окуучулар үчүн бул эң чоң жетишкендик, ошондой эле бул дүйнөдөгү алдыңкы ЖОЖдорго окуу үчүн мүмкүнчүлүк берүүчү платформа болуп саналат.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!