​Англис тили мугалимдери окуудан өтүшөт

25-Июль 2017, Шейшемби

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы бардык аймактарындагы 2435 мугалимди англис тилинен квалификациясын жогорулатуу боюнча окуулардан өтөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, окуулар «Сапат» билим берүү мекемесинин тажрыйбалуу мугалимдери тренинг өтүшмөкчү.

«Жаңы окуу жылынан тартып жаңы окуу комплекси ишке ашырылмакчы. Мындан 5-класстын окуучулары үчүн англис тили сабагы тереңдетилип окутула баштайт. Аны ишке ашырууда өкмөт тарабынан 33 миң сом бөлүнгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!