Чөгүп бараткан кыз куткарылды

26-Июль 2017, Шаршемби

Бишкекте куткаруучулар сууга чөгүп бараткан кызды куткарып калышкандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов районундагы “Пионер” көлмөсүнө чөгүп бара жаткан 18 жаштагы кызды куткаруучулар ажалдан алып калышкан. Кыздын сууга чөгүп баратканын байкагандар куткаруучуларга маалымат беришкен. Ал эми кызды куткаруу иштерине 4 куткаруучу тартылган.

“Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын башынан бери ар түрдүү жагдайларда 100 киши сууга чөгүп каза болгон. Алардын 59си эркек киши, 10у аял жана 31и балдар. Аймактар боюнча алганда сууга чөккөндөр эң көп Чүй облусунда катталган. Андан кийинки орунда Жалал-Абад жана Ош облусу турат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ӨКМ сууга түшүү учурунда коопсуздук эрежелерди сактоого чакырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!