​50 бала кулагы угуучу аппаратка ээ болду

28-Июль 2017, Жума

Бүгүн, 28-июлда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 50 бала кулак угуучу аппараты тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Prio 112" жана "Neo 112" кулак угуучу аппараты Швейцариянын Бернафон шаарынан өндүрүлүп чыккан.

Аппаратты ээлерине тапшыруу иш-чарасына министрдин кеңешчиси Эрик Куйкеев билгилегендей, бүгүнкү күндө өлкө аймагындан ден соолугунан мүмкүнчүлгү чектелген 177 миң адам жашайт. Алар калктын 3 пайызын түзөт. Анын 15 миңден ашууну кулагы укпагандыгына байланыштуу майып болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!