Люкка түшүп кеткен эки жаран куткарылды

1-Авг. 2017, Шейшемби

Балыкчы шаарында 2 адам люкка түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-июлда саат 07:00 чамасында мас абалында 1988-жылы туулган Т.К. жана Т.Д. аттуу жарандар Балыкчыдагы Ключевая-Алиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги люкка түшүп кетишкен.

“ӨКМнин №19 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары люкка түшүп кеткен жарандарды аркандын жардамы менен чыгарышкан. Алардын абалдары жакшы”, - деп айтылат билдирүүдө

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!