Жол кырсыгынан бир кыз көз жумду

1-Авг. 2017, Шейшемби

Жол кырсыгынан бир жаштагы кыз көз жумду. Эки кичине бала, бир чоң киши ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Ысык-Көл облусунун Ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 30-июлда Ысык-Көл облусундагы Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 210-чакырымында катталган. Анда “Honda Fit” үлгүсүндөгү унааны башкарып келаткан Каракол шаарынын тургуну рулду башкара албай, каршы келаткан “Audi 100” унаасын сүзгөн. Анын ичинде Тилекматтан келаткан үй-бүлө мүчөлөрү болгон.

Кырсыктын кесепетинен “Audiдеги” 1 жаштагы кыз каза тапкан. Анын 23 жаштагы апасы, 3 жашар агасы ооруканага жаткырылган. Ошондой эле, “Hondа Fit” унаасынын айдоочусунун 4 жашар кызы ооруканага жаткырылган.

“Учурда кырсыктын келип чыгышы иликтенип жатат. Эки унаанын айдоочулары жеңил жараттарды алышкан”,- деп айтылат билдирүүдө.

Фото: интернеттен алынды

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!