Ымыркайга бакыт каалашууда

1-Авг. 2017, Шейшемби

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан табылган ымыркай социалдык түйүндөрдүн колдонуучулардын арасында кызуу талкууну жаратып жатат.

Айта кетсек, 31-июлда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркай кызды үйдүн ээси жана кошуналар алып чыгып, доктурларга өткөрүп беришкен. Ал азыр Борбор калаадагы №3 балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын абалы азыр жакшырып калгандыгы айтылууда.

Бул окуя боюнча "Фасебук" колдонуучулардын бири Арзы Абдубапова: "Карап, окуп отуруп тан калдым. Кантип өз канынан, жанынан жаралган кызды төрөп, дааратканага таштап, өлүмгө кыйды! Кандай таш боор эне! Эне эмес, айбан эки буттуу. Айбан да андай кылмак эмес", -деп комментарий калтырган.

Ал эми Даткайым Досматова: "Иии, эзилип кеттим. Ушул баланы мага эле бергилечи, багып алайын",- деп жазды.

Интернет колдонуучуларынын арасында бул окуя "Жожом" деп кызуу талкууга алынган. "Жожом десе айыгып кетсин. Өмүрү узун болсун!, Тойтойгон ананай, 2 жолу төрөлгөн, эми бактын тоодой болсун",- деп ымыркайдын жакшы болуп кетүүсүн жана бактулуу болушун калашкан алар. Ошондой эле интернет колдонуучулардын арасында бул ымыркайдын ата-энесине наалат айкандан жүздөп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!