​1-сентябрда 100 жаңы бала бакча ачылат

2-Авг. 2017, Шаршемби

Кыргызстандын аймагында ушул жылдын 1-сентябрында 100 жаңы бала бакча пайдаланууга берилет. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Билим берүү жана илим министринин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бала бакчалар Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен «КРда мектепке чейин билим берүү» долбоорунун алкагында курулган.

Аймактар боюнча алганда: Чүй облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 17, Ошто 16, Таласта 13, Ысык-Көлдө 15, Нарында 12, Баткенде 7 бала бакча пайдаланууга берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!