Гранттык орунга сынак жарыяланат

4-Авг. 2017, Жума

Ирандын Аллама Табатаби атындагы Тегеран Университетинин алдындагы Экономикалык Кызматташтык уюмунун жогорку окуу жайы Кыргыз Республикасынын студенттерине төмөнкү багыттарда төрт (2- бакалавриат, 2- магистратура) билим берүү грантына сынак жарыялайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматы билдирет.

1.Камсыздандырууну башкаруу – бакалавриат;

2.Информатика жана Камсыздандырууну башкаруу – магистратура;

3.Аймактык изилдөө (Борбор Азия жана Кавказ капталында) – магистратура.

Талапкерлер үчүн негизги талаптар:

7.Экономикалык кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттин жараны (Афганистан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан);

8.Жашы: бакалавриатка тапшыргандар - 25 жашка чейин, магистратурага тапшыргандар 32 жашка чейин;

9. Англис тилине которулган жана күбөлөндүрүүчү жай менен кубөлөндүрүлгөн;

10.GPA – 100дөн 65 төмөнкү чек;

11.Англис тилин жакшы билүү, анткени окуу англис тилинде өтөт;

12.Жакшы ден соолугу.

Сынака катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырыш керек:

4.Билим берүү жана илим министринин атына арыз;

5.Резюме;

6.Паспортунун копиясы;

7.Дипломдун копиясы;

8.Англис тилин билгенин аныктаган сертификат;

9.3х4 6 сүрөт;

10.086 Медициналык маалым кат жана ВИЧ/СПИД жоктугун аныктаган маалым кат;

11.Сунуштоо кат 2 шт.;

12.Анкета;

13.Кошумча сертификаттар

Документтер 2017-жылдын 20-августунун саат 17.00 чейин Билим берүү жана илим министрлигинде кабыл алынат. ( №220 кабинет, “Эл аралык кызматташтык бөлүмү”), тел.: +996 (312) 62 15 19.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!