Күйөөсү аялын элдин көзүнчө сабап өлтүрдү

8-Авг. 2017, Шейшемби

Ош шаарында күйөөсү аялы менен эс алганы бассейнге барып, ал жактан күйөөсү өз түгөйүн сабап өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-август күнү 39 жаштагы О.Н. аттуу аял күйөөсү менен бирге бассейнге эс алуу үчүн барып, ал жерден алкоголдук ичимдиктерди ичип отуруп, экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер жаралган. Ошол жерден күйѳѳсү элдин көзүнчө аялын бир нече жолу кол көтөргөн. Жабырлануучу оор абалда экенине карабастан үйүнө жеткенден кийин каза болгон.

Аталган факты боюнча Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары жабырлануучунун 44 жаштагы Н.Н. аттуу күйөөсү кармалган. Ал тергөөдө аялын бассейнде кѳпчүлүктүн кѳзүнчѳ бир нече ирет муштаганын айткан.

Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берене менен козголгон иш тергелип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!