Бишкектеги айкелдерди жууп тазалашууда

9-Авг. 2017, Шаршемби

Бишкектин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери калаадагы айкелдерди жууп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жалпысынан 35 эстеликти жууп, тазалашмакчы. Мындай жууп тазалоо иштери Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө чейин созулмакчы.

Бүгүнкү күндө Үркүн монументи, Дайыр Асанов, Ленинград блокадачылары, Юдахин, Ш.Баатыр, Калык Акиев, Чыңгыз Айтматов, Манастын айкелин жууп, тазалоо иштери жүрүүдө.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!