Амангелди Жусубалиев коло медаль алды

10-Авг. 2017, Бейшемби

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Амангелди Жусубалиев 2017-жылындагы Дүйнөлүк Информатика Олимпиадасында коло медаль утуп алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин маалымат кызматы билдирди.

Бул Дүйнөлүк информатика олимпиадага Кыргызстан курама командасы менен төмөнкү окуучулар катышышты: Каракол шаарынын Х. Карасаев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Арсен Касымов, Ош шаарындагы “Сема” лицейинин 11-классынын окуучусу Акбар Мадаминов жана Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Болот Бекболотов .

2017-жылдын 26-июлунан 4-августка чейинү Иран мамлекетинин Тегеран шаарында информатика сабагы боюнча эң атактуу саналган окуучулар арасында 29-Дүйнөлүк Информатика Олимпиадасы өткөрүлдү. Жалпысынан бул олимпиадага 82 мамлекеттен келген 304 окуучу информатика сабагы боюнча билимдерин сынашты.

Дүйнөлүк Информатика Олимпиадасы 29 жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Катышуучулар алгоритмикалык тапшырмаларды чечүүдө жана программалоодо өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Дүйнөлүк Информатика Олимпиадасынан байгелүү орунду ээлөө информатика сабагын тандап алган окуучулар үчүн бул эң чоң жетишкендик, ошондой эле бул дүйнөдөгү алдыңкы ЖОЖдорго окуу үчүн мүмкүнчүлүк берүүчү платформа болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!