Министрликтин WhatsApp кызматы иштей баштады

10-Авг. 2017, Бейшемби

Билим берүү жана илим министрлиги бардык жарандар үчүн билим берүү жаатындагы маселелер боюнча 0700 744 748 WhatsApp номуру аркылуу билдирүүлөрдү кабыл алат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирет.

Номур аркылуу жарандар өлкөдөгү билим берүү бөлүмдөрүнүн, бала бакчалардын, мектептердин, кесиптик жана жогорку окуу жайларынын иштери, алар тараптан болгон мыйзам бузууларды жана алардын ишин жакшыртуу боюнча пикирлерин жазса болот.

Кызмат аркылуу келип түшкөн билдирүүлөр жана ага карата жооптор түздөн-түз министрдин көзөмөлүндө болуп, ар бир билдирүүгө көңүл бурулаарын министрлик кошумчалады.

"Бул кадам жарандар менен болгон байланышты күчөтүү жана билим берүү кызматкерлери менен оперативдүү иштешүү максатында жасалууда”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!