Калыс-Ордодо мектептин курулушу аяктоодо

10-Авг. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 10-августа Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов калаанын социалдык объектилерин кыдырды.

Мэр алгач “Көлмө” жаңы конушуна курулуп жаткан бала бакчанын куруу иштери кандай жүрүп жатканынан кабар алды. Андан соң “Калыс Ордо” конушунда курулуп жаткан мектепке барды.

Ал жактан мэр аталган аймакка курулуп жаткан эки кабаттуу мектептин курулушу Кытай грантынын каражатына башталып, “Альтогруп” ЖЧК, “Главстрой” ЖЧК бөдрөтчү уюмдары тарабынан курулуп жатканын билдирди.

Анын айтыма караганда, шаардык бюжеттин эсебинен мектепке тышкы инженердик коммуникацияларды, электр жабдууларды киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 10 кв электр өткөрүүчү линиялар тартылып, 2 трансформатордук көмөк чордон орнотулган. Бул көмөк чордондун бири мектепке, экинчиси аталган айылдын аймагына орнотулган.

“Учурда дренаж иштери жана мектептин аянтына кум-шагыл төгүү иштери жыйынтыкталды. Бул мектепти куруу үчүн Кытай грантынан 2 млн доллар, шаардык бюджеттен 104 млн 390 миң сом жумшалды. Бул мектеп 960 орунга ылайыкташкан жана бул жайда эки смена менен балдарды окутса анда 2 миңдей бала билим ала тургандай шарт бар. Азыркы тапта мектептин ичин жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Жаңы мектепти 1-сентябрда ишке киргизебиз”,- дейт Ибраимов.

Көчмө жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев, билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүракунов жана райондук администрациялардын башчылары катышты.

Белгилей кетсек, аталган мектептин ичинде ашкана, спорт зал, жыйын зал орун алган. Ошондой эле ар бир кабинеттин ичинде лаборатория жайгашкан.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!