Ысык-Көлдүк тургун чарбагында апийим өстүргөн

15-Авг. 2017, Шейшемби

Ысык-Көл облусундагы Барскоон айылынын 49 жаштагы тургуну чарбагында апийим өстүрүп келген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти..

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн текшергенде жалпысынан 42 түп апийим гүлүн табылган. Бардык өсүмдүктөр экспертизага жөнөтүлүп, бул факты боюнча кылмыш иши ачылган.

Ал эми тургун апийимди өздүк керектөөсүнө жумшаш үчүн өстүрүп жатканын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР