Орой жетекчиге чара көрүлбөй жатат

15-Авг. 2017, Шейшемби

Инспекторлорду кууп чыккан М.Дооронбековго Билим берүү жана илим министрлиги ушул күнгө чейин чара көрбөй жатат. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, Талас облусунун Бакай-Ата билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Дооронбеков арыз боюнча текшерүү менен барган Мамэкотехинспекциясынын Талас региондор аралык башкармалыгынын инспекторлоруна карата бир нече жолу орой мамиле кылып өзүнүн кабинетинен мажбурлап кууп чыккан. Тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 79-беренесине ылайык “Эмгек мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөөчү органдын көрсөтмөсүн аткарбай койгондугу үчүн” административдик айып салынганын жазган элек.

Кызмат учурунан пайдаланып, жарандарга маданиятсыз мамиле кылып келген М. Дооронбековго карата чара көрүү боюнча сунуштама КР Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлгөн, бирок аталган министрликтин берген жообунда М. Дооронбековго карата чара көрүү маселеси Талас облусунун райондор аралык сотунун чечиминен кийин каралары жөнүндө жазган. Айта кетсек М.Дооронбеков Мамэкотехинспекциясынын административдик жоопкерчилике тартуу жөнүндө токтомун жокко чыгаруу жөнүндө доо арыз менен Талас облусунун райондор аралык сотуна кайрылган. Ал доо арыз боюнча 20-июль күнү сот отуруму болуп сот иши доогердин өтүнүчү менен 26-июлга калтырылган. Бирок, 26 – июль күнү доогер М. Дооронбековдун эч бир жүйөлүү себептери жок сотко келбей койгондугуна байланыштуу сот доогер М. Дооронбековдун келбегендигине байланыштуу ишти кароосуз калтырган. Бүгүнкү күнгө чейин М. Дооронбековго карата министрлик тарабынан эч кандай чара көрүлбөй келет.

Айта кетсек, жүрүм туруму менен өз кызматына шайкеш келбеген М.Дооронбеков КР “Этика Кодексинин” жана КР “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматы жөнүндө” мыйзамынын 42 беренесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматчынын этикасынын талаптарын сактабай келгендигине байланыштуу,ошондой эле инспекторлордун мыйзамдуу талаптарын аткарбай жаткандыгына байланыштуу КР Билим берүү министрлигинин аброюна чон шек келтирип жаткандыгынан кабар беребиз.Андыктан Мамэкотехинспекция мыйзам баардыгына бирдей экендигин эстен чыгарбоону эскертет!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!