Ош шаарындагы “Араван-Ак-Буура” каналына 19 жаштагы жигит агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-август күнү саат 08:30да Ош шаарынын Учар айылындагы “Араван-Ак-Буура” каналына 1998-жылы туулган Р. уулу Н. аттуу жигит агып кеткендиги боюнча 112 номерине маалымат келип түшкөн. ӨКМнын Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары издөөгө чыгышып, саат 16:10до сөөгүн табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.