Түптөгү кырсыктан 4 адам жабыркады

30-Авг. 2017, Шаршемби

Түп-Кеген унаа жолундагы кырсыктан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Түп районунда 29-август күнү саат 09:30 чамасында Түп-Кеген унаа жолунун 23-чакырымында “Ауди-А6” менен “Мерседес” үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочусу жана 2 жүргүнчү ар кандай жаракат алышып, тез жардам кызматкерлери тарабынан Түп райондук ооруканасына жеткирилген.

Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!