Министр жаңы курулуп жаткан ооруканага барды

6-Сен. 2017, Шаршемби

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана Түркиядан келген өкүл Али Муслу 5-сентябрь күнү жаңы курулуп жаткан оорукананын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Бул оорукана – Түркия Республикасынын Кыргызстандын элине белеги. Биздин достук мамилебиз өнүгүүсүнө салым кошууну уланта беребиз. Жергиликтүү адистер заманбап ооруканада иштеп, билимин да толуктап, илимий изилдөөлөрдү өткөрө алышат. Тейлөөнү бийик деңгээлде сунуштоо каралгандыктан, бейтаптарга чет өлкөгө барып дарылануу мажбурлугу азаят",-деп айтты Түркиядан келген өкүл.

Саламаттыкты сактоо министрини Батыралиевдин айтымында, курулуш иштери бүтөөргө аз гана убакыт калды. Дизайн жана орунду туура колдонуу үчүн өзгөртүүлөр киргизилип, имаратты толук кандуу бүтүрүү убактысы узарып кеткен.


"Эл аралык стандарттарга шайкеш келүү үчүн айрым пландарды өзгөрттүк. Бишкекке келип калган жабдыктарды бажыдан өткөрүүдө да түйшүктөр жаралууда. Жумушчулардын санын көбөйтүп, курулушту тездеттик. Эми эки же эки жарым айдын ичинде оорукана тапшырыларына кепилдик беребиз», - деп министр кошумчалады министр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!