«Көңүл бургула балдар» акциясы өттү

7-Сен. 2017, Бейшемби

Нарын облусунда жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу «Көңүл бургула балдар» аталышындагы акция өттү. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, балдардын катышуусундагы жол-транспорттук кырсыктар мамлекеттин ичиндеги эң маанилүү көйгөйлөрдүн бири болууда. Буга балдар гана күнөөлүү болбостон, көп учурда улуу адамдар дагы кайдигерликтин айынан күнөөлүү болууда. Ушуга байланыштуу, Нарын ОИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери “Көңүл бургула балдар” аталышындагы акциясын Нарын шаарынын билим берүү бөлүмүнүн макулдугу менен жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү менен өткөрүштү.

“Акцияны өткөрүү максаты, балдардын катышуусундагы жол-транспорттук кырсыктарды азайтуу, окуучулардын жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн бекемдөө жана аны так аткаруу, жол кыймылынын катышуучуларын жол-транспорттук кырсыктардан жаш балдардын жаракат алуу көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруу. Жол-транспорттук кырсыктан балдардын жаракат алуусу көп учурда окуу жылы башталгандан баштап көп болоору, мектептен чыккандан кийин жалгыз калып, көзөмөлдөгөн адамдар жанында жок болгон учурда кабылышат. Тилекке каршы, улуу адамдар үлгү болуунун ордуна, жол кыймылынын эрежелерин бузуп, терс тарбия берүүдө”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул акцияга Казакстан Республикасында өткөн жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагында байгелүү орунду алган №7 М. Сыдыков атындагы орто мектептин окуучулары, республикалык сынакта 2,3-орундарды алган Нарын шаарынын №5, №8 орто мектептеринин окуучулары дагы катышты. Патрулдук милиция айдоочуларды жалпы билим берүү жайларына жакындаганда, өтмөктөрдөн жана коомдук транспорттук аялдамалардын жанынан сак болууга, ал эми балдарды болсо жол кыймылынын эрежелерин үйрөнүүгө чакырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!