Улуттук тамак-аштарды заманбап кылган ишкер

19-Сен. 2017, Шейшемби, 12:08

Нарында “Нукура фест” фестивалынын алкагында кыргыздын улуттук тамак-аш азыктарынын көргөзмөсү болду. Нарын районунун Учкун айылынын тургуну, жеке ишкер Нурбек Мусалиев улуттук тамак-ашка өзгөчө түс берип, алардын түрүн көргөзмөгө алып келген.

“Кыргыздын улуттук тамак-аштарына өзгөчө даам берип, 2011-жылдан бери жасап келебиз. Ата-бабаларыбыздан бери келген тамак-аштардын жаңыча алып чыгып жатабыз. Алардын ичинде: курут, майдын түрлөрү, соустар, топоздун сүрсүгөн эти жана башка азыктар бар. Бул азыктарды элдин талабына жараша иштеп чыгып, ар бирин өз-өзүнчө таңгактап чыктык”,-дейт Мусалиев.

Нурбек Мусалиев “Катык”, “Кошкон май” продукциясынын курамы тууралуу буларга токтолду.

"“Катык” азыгынын курамында сүзмө, укроп, калемпир, шекер, аркар оту бар. Ал эми “Кошкон май” азыгында сары май, таруу, тоо балы кошулган. Алардын башка азыктар менен аралаштырылып өз-өзүнчө жасалгандары бар",-дейт ишкер.

Мындан сырткары, куруттун сыр менен, чычырканак даамы менен, андан тышкары ышталган да түрлөрү чыгарылат.


"Бул азыктар Япониядан сапат кепилдигинен текшертилген. Учурда Бишкек жана Нарын аймагына жаңыдан чыгып жатабыз”,-деп кошумчалады Н. Мусалиев.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!