Бишкекте унаалар өрттөнүп, айдоочулар каза тапты

26-Сен. 2017, Шейшемби, 10:56

Бишкек шаарында күйүп кеткен эки унаанын айдоочулары каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Чүй жана Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде «Мерседес» үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткычы күйүп, айдоочу рулду башкара албай жүк ташуучу унаанын астына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен улам Талас облусунун 36 жаштагы тургуну каза болгон.

Андан сырткары Биринчи май районунун Кронштат көчөсүндө «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ички салону жана кыймылдаткычы күйүп, Казакстандын айдоочусу окуя болгон жерде көз жумган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!