Алибекова: «Милициянын үстүнөн арыз жазам»

Алибекова: «Милициянын үстүнөн арыз жазам»
6-Окт. 2017, Жума, 12:09

Кечээ, 5-октябрда социалдык тармактарда белгилүү ырчы Клара Алибекова тартылган тасма тарады. Тасмада Алибекова белгисиз адам аны зордуктоого аракет кылып, муунтуп коркутканын шок абалда милицияга айтып берип жатканы баяндалат. Ал эми милициялар ырчыны тасмага тартып алышып шылдыңдаган.

Ырчы Клара Алибекова Zaman.kg маалымат агенттигине билдиргендей, болуп өткөн окуя 27-сентябрда болгон. Бейтааныш адам аны муунтуп, зордуктоого аракет кылган.

Мен дүкөндөн чыгып бараткан болчумун, колумда азык-түлүк салынган баштыгым бар болчу. Бир убакта артымдан бирөө келип мени муунта баштады. Кайрылып карасам мас, бейтааныш адам экен. Ал мени муунтуп, зордуктоого аракет жасады. Жардам сурап кыйкыра турган болсом же каршылык көрсөтсөм өлтүрө тургандыгын айтты. Ошол жерден колумдагы баштыгым менен аны чаап качтым. Жолдон милиция турганын көрүп калып аларга жардам сурап кайрылдым. Алар үчөө экен баары форма кийип алышкан. Окуянын баарын аларга айтып бердим”, – деди Алибекова.

Ырчыны видеого милиция кызматкерлери билдирбей тартып алышып, шылдыңдашып туруп алышкан. Кылмышкерди кармаганга толук мүмкүнчүлүгү болгону менен кайдыгер мамиле жасашкан.

Мага кол салган адамды көрүп нес абалда болдум. Ушул убакка чейин менде мындай окуя болгон эмес. Милиция кызматкерлеринин унаасына отуруп абалды айтып берип, зордуктоого аракет жасаган адамды алыс качып кете электе кармагыла деп сурандым. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын артынан түшкөндүн ордуна менин абалымды шылдыңдап, ар кандай орунсуз суроолорду берип жатышты. Анысы аз келгенсип түн ичинде жолдун боюна унаадан түртүп түшүрүп коюшту. Айрымдары мени мас деп ойлоп жатышат, бирок мен ичкен эмесмин. Мени шылдыңдашкан үчүн милициянын үстүнөн арыз менен тийиштүү органдарга кайрылам. Алардын максаты мени коргоо эмес шылдыңдоо эле болуп калды. Өздөрүнүн кесибин так аткаргандын ордуна мага билдирбестен видеого тартып, интернетке таратып жиберишиптир. Ошондуктан алардын үстүнөн арыз жазам”,-деди Алибекова.

Клара Алибекованын жакын курбусу Назира Алиева болуп өткөн окуя тууралуу буларга токтолду.

“Учурда Ысык-Көлдөбүз Бишкекке барганыбызда 3 милициянын үстүнөн арыз жазабыз. Болгон мамлекеттик органдарга прокуратура, сот баарына кайрылабыз. Клара Алибекованын видеосу тараары менен бир катар ММКнын өкүлдөрү, журналисттер чалып болгон окуянын баарын сурап жатышат. Клара аларга жооп берген сайын көзүнө жаш алып, азыркы убакка чейин нес абалда жүрөт. Менин милициям мени коргобой эле кордогону эмнеси? Окуя болгон күнү милициялар жардам бергендин ордуна кылмышкерди көрмөксөнгө салып машинадан чыгарып эч кандай жардам көрсөтүшпөптүр. Ал адамды кармаганга деле толук мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Азыр Кларага кол көтөргөн адам кармала элек. Милиция органдары эч кандай чара көрбөй жатышат”,-деди Назира Алиева.

Учурда соцтармактын колдонуучулары ырчынын тасмасы тараары менен милиция органдарына нааразычылык билдирүүлөрдү калтырып жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!