​Акыйкатчы Клара Алибекованын арызын кабыл алды

10-Окт. 2017, Шейшемби, 17:00

Акыйкатчы Кубат Оторбаев ырчы Клара Алибекованы кабыл алып, болуп өктөп окуя тууралуу кенен маалымат алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Акыйкатчы институнун маалымат кызматынын жетекчиси Абсамат Талантбек уулу Zaman.kg маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымына караганда, ырчынын арызын акыйкатчы кабыл алды. Учурда институт тарабынан териштирүү иштери башталган соң ИИМге кат жолдонмокчу.

"Бүгүн, 10-октябрда Акыйкатчы ырчы Клара Алибекованын кабыл алды. Ал болуп өткөн окуянын баарын айтып берди. Ырчынын айтымында, мас абалындагы адам аны күч колдонуп зордуктоого аракет кылган. Андан качып чыгып милиция органдарына жардам сурап кайрылган. Бирок милиция ага жардам бербестен шылдыңдашкан. Ар кандай суроолорду берип, унаасынан чыгарып алышкан. Биз Клара Алибековадан арызды алдык. Анын негизинде кызматкерлердин этикалык, юридикалык жактарын териштирип чыккандан кийин жоопко тартуу боюнча бүгүн ИИМге кат жолдойбуз. Андан кийин алардан жоопту күтмөкчүбүз»,-деди ал.

Эскерте кетсек, 5-октябрда социалдык тармактарда белгилүү ырчы Клара Алибекова тартылган тасма тараган. Тасмада Алибекованы белгисиз адам аны зордуктоого аракет кылып, муунтуп коркутканын шок абалда милицияга айтып берип жатканы баяндалат. Ал эми милициялар ырчыны тасмага тартып алышып шылдыңдаган. Бул боюнча милициянын жоопко тартуу боюнча ырчы ИИМге арыз менен кайрылган. Ал эми ИИМ кызматкерлерди издөө иштери жүрүп жатканын билдиршкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!