Алибековага жардам көрсөтпөгөн милициялар аныкталды

11-Окт. 2017, Шаршемби, 17:43

Даттанган ырчыга жардам көрсөтүшпөй, аны автоунаадан түшүрүп койгон Патрулдук милиция башкармалыгынын үч кызматкеринин өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ырчы Клара Алибекова кайрылган Бишкек ШИИББнин Патрулдук милиция башкармалыгынын үч кызматкердин өздүгү такталган. Кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери ырчы кызга жардам көрсөтпөстөн автоунаадан түшүрүп койгондугу далилденген жок. Анын артынан белгисиз жаран кууп, зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Клара Алибекова менен ошол күнү жанында жүргөн жигиттин өздүгү такталып, суралган.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен үч милиция кызматкери тартиптик жаза алышты. Аларга юридикалык жактан баа берүү үчүн чогултулган материалдар тергөө органына өткөрүлүп берилген. Милиция кызматкерлеринин ички иштер органдарында мындан ары иштей тургандыгы тергөө органдарынын текшерүүсүнөн кийин чечилет»,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, жакында ырчы Клара Алибекова милиция кызматкерлерине кайрылып, ал белгисиз бирөө аны муунтуп, зордуктайм деп артынан кууп келе жатканын айтып жаткан видеосу соцтармактарда жана маалымат агенттиктерде жарыяланган.

Бул факты боюнча ИИМ иликтөө ишин баштаган. Видеону белгисиз жарандар интернетке жарыялагандан кийин, социалдык тармактардын колдонуучулары ырчыга жардам көрсөтүшпөй, аны автоунаадан түшүрүп койгону үчүн милиция кызматкерлерин катуу сынга алышкан.

Ушуга байланыштуу, соцтармактарда жарыяланган видео боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!