Муфтий Өзбекстанда өткөн эл аралык конференцияга катышты

19-Окт. 2017, Бейшемби, 13:51

Бүгүн, 19-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ташкент шаарында өтүп жаткан «Ислам тилектештиги: Өзбекстан менен Азербайджандын мисалында» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Бул конференциянын негизги максаты Борбордук Азиядагы мамлекеттердин диний башкармалыктарынын ортосундагы алаканы жакшыртуу болуп саналат. Ошондой эле өз ара биргелешип иш алып баруунун аянтын куруу, бүгүнкү күндөгү заманбап чакырыктарга бирдиктүү багыт иштеп чыгуу, дин кызматкерлеринин экстремизм жана терроризмди алдын алууда тажрыйба алмашуу жагын көздөгөн.

Ага кошумча коомчулукка жана мусулман чөйрөсүнө динди туура жайылтуунун практикалык ыкмасын жакшыртуу, ата-бабаларыбыздан келе жаткан салттуу баалуулуктардын негизинде азыркы жаштарды тарбиялоо, улуттар аралык тынчтыкты бекемдөө боюнча талкуу уланууда.

Эскерте кетсек, бул иш-чарага Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Өзбекстан Дин башкармалыгынын чакыруусу менен барган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!