Турсунбеков: "Өндүрүштү колго алып, өнөр-жайды өнүктүрөлү"

19-Окт. 2017, Бейшемби, 15:46

Төрага Чыныбай Турсунбеков өнөр-жай тармагын өнүктүрүүнү колго алуу зарылдыгын бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

“Кайсы мамлекеттин экономикасы болбосун, өнөр-жай тармагы өнүгүүнүн баштапкы тиреги болуп эсептелет. Бирок бизде тыштан алынган акчанын бир пайызы гана өнөр-жайды өнүктүрүүгө жумшалганын натыйжасында өзүбүздүн өндүрүшүбүз аксап келет. Өлкөбүз чет жерден ташылган товарларга муктаж болуп, ишкерлерибиздин иши оор. Андыктан, бул маселеге Өкмөт өзгөчө көңүл буруп, өнөр-жай тармагын өнүктүрүүнү колго алышы зарыл” – деди ал.

ЕАЭБ алкагында да өнөр-жайды күчтөндүрүү аркылуу, атаандаштыкка карата туруктуулукту жогорулатууга болорун айткан Жогорку Кеңештин төрагасы, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алуудан тышкары, аны жүзөөгө ашырууга жигердүү аракеттерди көрүү керектигин кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!