​Бишкекте медициналык тез жардам борбору ачылды (фото)

24-Окт. 2017, Шейшемби, 16:31

Бүгүн, 24-октябрда Бишкектеги №4 медициналык тез жардам борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэрия мурунку балдардын кургак учукка каршы ооруканасын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ордуна Бишкектеги №4 медициналык тез жардам борборун ачуу чечимин кабыл алган. Борбор толугу менен оңдолуп, бүгүндөн тарта кызматка киришти.

Борборду ачуу салтанатына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Айгул Рыскулова, Ленин районунун башчысы, аталган борбордун директору Нурдин Тынаев катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!