Эки министр жана кызматкерлер кан тапшырышты (фото)

28-Окт. 2017, Ишемби, 14:49

Бүгүн, 28-октябрда Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана Юстиция министри Уран Ахметов кан тапшырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Республикалык кан борборундагы кайрымдуулук иретинде акысыз кан тапшырууга эки министрден тышкары Юстиция министрлигинин кызматкерлери дагы барышкан.

Мындай демилгенин максаты - калк арасында акысыз кан тапшырууну жайылтуу.

«Юстиция министрлиги кан тапшырып бизге колдоо көрсөтүштү. Анткени жол кырсыгынан жабыркагандарга жана башка өзгөчө кырдаал учурунда кан талап кылынат. Биздин аз гана донорлорубуз бар. Алардыкы жетишсиз»,-деди Талантбек Батыралиев.


Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаевдин айтымында, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо бирикмесинин сунушу боюнча 1000 жашоочуга 40 донор туура келет. Кыргызстанда 1000 жашоочуга 6 донор туура келет. 2016-жылы 39,426 миң донор болсо, анын 4573ү кайрымдуулук иретинде акысыз кан тапшырып турат. Алар жалпы донорлордун 11,6 пайызын түзөт. Акыркы жылдары донорлордун саны кескин кыскарган. 2014-жылы 14,6 пайыз болсо, 2016-жылы 11,6 пайыз донор кан тапшырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!