Кесип үйрөткөн долбоор натыйжасын берүүдө

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:54

Медреседе окуган жаштарды кесипке үйрөткөн долбоор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абдан жакшы жыйынтыктарды берүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, медреседе “тигүүчү”, “ашпозчу” жана “компьютерди колдонуучу” деген адистикти үйрөнүп чыккан жаштар азыр өз алдынча иштеп, каражат таба баштады. Буга чейин Жалал-Абаддагы медреседе ашпозчулук кесипти үйрөнүп чыккан кыздар азыр ошол жерде кондитердик цех куруп жатышканын “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун менеджери Нарынбек Кыдыргычев билдирди.

Ал эми Оштогу “Абдыжапар” ислам институтунан компьютердик курсту бүтүрүп чыккан 54 жаштагы Хуриятхан Абдуллаеванын аракети мактоого арзыйт. Учурда ал 54 жашта.

“Мен Ош облусунун Кара-Суу районунан Маданият айылынан келдим. 10 жыл мурда эл катары маалыматтан кем калбасын деп балдарыма компьютер алып бергем. Апа сиз да жакшылап үйрөнүп алыңыз дегенде “Эми мага анын эмне кереги бар эле...” - деп маани бербей койгом. Хадисте “дүнүйө деп диниңди таштаба, дин деп дүнүйөңдү таштаба” – деген жери бар. Көрсө заманыңдан артта калбай, тең жарышып алга умтулуп жаша деген турбайбы. Ушул жерде “АВЕП” деген коомдук фонд келип АКШ элчилигинин демөөрчүлүгү аркылуу 20га чукул кыз-келиндерге компьютердик курсту үйрөттү. Ар кыл жаштагылар окудук, бардыгына тегиз карап жакшы үйрөтүштү. Азыр көп нерсе үйрөнүп, бардыгына көзүбүз жетип калды. ”,-деди Хуриятхан Абдуллаева.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!