Окуучу кыз жол кырсыгынан көз жумду

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:10

Ош шаарында жеңил унаа өспүрүм кызды сүзүп алды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 13-ноябрда саат 12:00 чамасында Ош шаарында болгон. Анда аэропорт тарапка бара жаткан «Хонда Стрим» унаасы жолдон чуркап чыккан өспүрүм кызды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен улам Кара-Суу районунун Нариман айылында 2007-жылы туулган Б.Т. аттуу кыз алган оор жаракатынан улам ошол жерде каза болгон.

Учурда кырсыкка кабылган унаа айып аянтчасына киргизилди жана бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!