Уурдалды делген унаанын эч кимге тиешеси жок

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 11:27

Казакстанда уурдалган машинаны сатып алган аялдын да, аны айдап жүргөн УКМК кызматкеринин да Башкы прокурордун орун басарына тууганчылык жайы жок. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК кызматкеринин Башкы прокурордун орун басарына эч кандай тууганчылык жайы жок.

“9-июнда милицияга кыргыз жараны кайрылып, “Лексус-LX570” машинасын сатып алган Мурат жана Нурик аттуу адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Анткени, алар ишеничке кирүү менен жасалма документ аркылуу жогоруда аталган унааны 2 миллион 771 миң сомго сатышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, унаа айып жайга токтотулган. Ал эми кылмышка шектүү катары М.А. жана Т.М. аттуу жарандар кармалган.”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын маалымат каражаттары Алматынын тургуну Сакен Ахметовго таандык, баасы 65 миң доллар турган “Лексус-LX570” унаасы уурдалганын, кийинчерээк унаа Кыргызстандан табылганын, унаанын жаңы ээси А.А. аттуу кыргыз жараны (аял киши) экенин жана анын УКМКда иштеген агасы унааны айдап жүргөнүн жазып чыгышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!