Чек арадагы айдоочуларга тамак-аш берилди

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:59

Кыргыз-казак чек арасындагы кезек күтүп турган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына ысык тамак-аш таратылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-ноябрда кыргыз-казак чек-арасындагы “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” чек-ара постунда оор жүк ташуучуу унаалардын айдоочуларына ӨКМдин кызматкерлери ысык тамак таратышкан.

“Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында кезекте турган 600 айдоочуга, “Чоң-Капкан” өткөрмө жайында турган 200 адамга ысык тамак таратылды”,-деп айтылат билдирүүдө.

Айта кетсек, 10-октябрда Казакстан Кыргызстан менен чек арасындагы өткөрүү бекеттерин күчөтүлгөн тартипке өткөргөн. Бул маселе боюнча өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!