Депутаттын кызына кол салуу болду

25-Ноя. 2017, Ишемби, 12:35

Бишкекте Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» партиясынын депутаты Кенжебек Бокоевдин кызына кол салуу болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 24-ноябрда 12-кичи районунда саат 20:30 чамасында катталган. Анда депутаттын 17 жаштагы кыз үйүнө кирип баратканда подъезддин жанында белгисиз адам ага кол салган. Кыз каршылык көрсөткөндө кылмышкер анын балтырына бычак менен эки жолу сайган. Андан соң ал сумкасын алып качып кеткен.

Жабырлануу ооруканага жаткырылган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, милиция кызматкерлери кылмышкерди издешүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!