1,18 миллион еврого "Тез жардам"

2-Дек. 2017, Ишемби, 14:43

Бишкек, Ош шаарлары жана Ош облусундагы "Тез жардам" кызматтары үчүн 15 жаңы унаалар алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Унаалардын ичи керектүү медициналык жабдыктар менен толук камсыздалган. Алардын жалпы баасы 1,18 миллион еврону түзөт.

"Тез жардам" унаалары Германия жана Кыргызстандын ортосундагы "Кыргыз өлкөсүндө медициналык ыкчам кызматты бекемдөө жана улуттук "Тез жардам" кызматын түзүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагында алынган.

Учурда унаалар Бажы кызматы тарабынан документтерди ырастоо үчүн автобазада кармалууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!