8-класстын окуучусу асынып алды

7-Дек. 2017, Бейшемби, 11:36

Майлуу-Суу шаарында мектеп окуучусу асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-декабрь күнү 8-класстын окуучусу эртең менен мектепке кеткен. Күндүз окууда болуп, кечинде үйүнө келбей калган. Бирок, 6-декабрда гана чоң атасынын үйүнүн жанында асылып турган жеринен ата-энеси табышкан.

Өспүрүм баланын ата-энеси милицияга арыз жазуудан баш тартып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзбөй тургандыктарын билдиришти.

“Бала окуган мектепте мугалимдер менен ата-энелер саат 17:00 кийин окуучулар үйүнө келишпесе, мектепке телефон чалып, канчада чыкканын суроо боюнча макулдашышкан. Бирок бул баланын ата-энеси мектепке чалып сурашкан эмес. Анткени, баласы сабактан кийин спортзалга барчу. Ал эми окуя болгон күнү окуучу спортзалга барган эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!