Аярлуу жарандар жетекчилер менен жолугушту

13-Дек. 2017, Шаршемби, 10:06

Жалал-Абад шаарында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, тийиштүү адистери менен жандуу баарлашышты. Бул пайдалуу иш-чара Жалал-Абад шаарынын мэриясы уюштурган ачык эшиктер күнүн аркылуу мүмкүн болду.

Ачык эшиктер күнүнө шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери келип, аярлуу жарандардын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин угушту. Ошентип, мекеме-ишканалар аярлуу жарандардын мүдөөлөрүн ишке ашыруу багытында реалдуу чараларды көрүшмөкчү. Бул тууралуу шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлина Базаркулова билдирди.

"Өз мүдөөлөрүн айтып кайрылган аярлуу жарандардын басымдуу бөлүгү материалдык жана ден-соолугу жагынан жардам сурап кайрылышты. Ар бир кайрылуу эсепке алынып, мүмкүн болушунча анын бат чечилишине аракеттер жасалат. Эгер дароо чечилбесе, белгилүү бир кыска убакта чечиле тургандыгы айтылды. Бул иш-чара аярлуу жарандардын мекемелерге баруу жана жетекчилерди издөө же күтүү убаракерчилигинен бошотот. Ошондуктан мындай ачык эшиктер күнү жыл сайын өткөрүлүп турат", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпысынан 3281 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын 450сү 18 жашка чейинкилер. Аярлуу жарандарга реалдуу жардам көрсөтүү максатында шаарда 15-ноябрдан 15-декабрга камкордук көрүүнүн бир айлыгы жарыяланган. Бир айлыктын алкагында аларга медициналык, социалдык, маданий, билим берүү, турмуш-тиричилик багыттарында камкордук көрүү, коомдук жайларда аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!