21-декабрь: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

21-Дек. 2017, Бейшемби, 10:17

Бүгүн, 21-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7 күндүз +0...+5;

Талас дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз +1...+6;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0...-5, күндүз +3...+8;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз +0...+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8;

Бишкек шаарында 21-декабрда жана 22-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 22-декабрда күндүз жана 23-декабрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4, күндүз +2...+4 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!