Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 17:33

Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамилекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-декабрда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү 1990-жылы туулган кыргыз жараны кармалган.

Кармалган жаран эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болуп, Сирияда өкмөттүк армияга каршы аракеттерге активдүү катышканы аныкталган.


“Кыргызстандан Сирияга согушкерлерди жөнөтүү боюнча жаңы каналдарды түзүүгө милдеттендирилген. Учурда кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Териштирүү амалдары уланууда”,-деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!