Калпакчан ит боюнча иликтөө башталды

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 18:46

Бишкектеги соода борборлорунун биринде өткөн көргөзмөдө итке улуттук баш кийим - ак калпакты кийгизип, кызуу талкууга алынган иштин чоо-жайын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы териштирет. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-декабрда Bishkek Park соода борборунда Dog’s Fashion Show 2018 иттердин мода көргөзмөсү өткөн. Иш-чара аяктагандан соң интернет түйүндөрүндө сүрөттөр жарыяланып, алардын арасында ак калпак кийген иттин сүрөтү да болгон. Интернет колдонуучулар жаныбарга улуттук баш кийимди кийгизүү жат көрүнүш экенин айтып, нааразы болушууда.

“Бул окуя боюнча текшерүү иштери башталган. Эгер кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, анда тийиштүү тарап жазага тартылат”,- деп айтылат Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, жогорудагы окуя боюнча Режиссер Ырысбек Жабиров өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу Башкы прокурор Индира Жолдубаевага жана Ички иштер министри Улан Исраиловго кайрылып, аларды жоопко тартууну суранган.

“Итке ак калпак кийгизип, чоң сахнага алып чыккан адамдарды, мыйзам чегинде жоопко тартууңуздарды сурайм. Бул жолу, ушундай наадандыкка барган уюштуруучулар, элден кечирим суроо менен чектелбеши керек. Анткени, мындан 2-3 жыл мурун ак калпакты жана ак калпак кийген кыргыздарды мазактаган сүрөт көргөзмө өтүп, алардын уюштуруучулары элден кечирим суроо менен кутулушканын көпчүлүк эл билет. Мындай көңүл иренжиткен көрүнүштөр кайталанбашы үчүн, башкаларга сабак болчу чечим кылууңарды өтүнөм”,-деп жазган ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!