Исаев 12 жылга күчөтүлгөн абакка кесилди

5-Янв. 2018, Жума, 10:44

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевди Кылмыш кодексинин “коррупция” беренесинин негизинде айыптуу деп таап, үй мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу менен 12 жылга күчөтүлгөн абакка кести. Мындай чечимди кечээ, 4-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Чечимге ылайык, депутаттын мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик кызматтарда 3 жылга чейин иштөөгө тыюу салынды. 2010-жылкы убактылуу өкмөттүн мунапыс боюнча декретинин негизинде эл өкүлүнүн жаза мөөнөтү төрттөн бирге кыскартылды. Ошондой эле Исаев жазасын күчөтүлгөн режимде өтөмөй болду.

Ал эми аны менен бирге айыпталып жаткан Мирлан Эсенбеков жана Болот Имамадиевге 10 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөө чечими чыгарылды. Сот аларга суралган мөөнөттүн үчтөн бир бөлүгүн кыскартып, сот залынан камакка алууга буюрду.

Эскерте кетсек, УКМК Канат Исаевге 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда “муниципалдык жер участогун жеке компанияга соода борборун куруу үчүн берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген”,- деп айып таккан.

Депутат Исаев мындан тышкары массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!