Бишкекте милициянын майору бычакталды

5-Янв. 2018, Жума, 15:49

Бишкек шаарында ичимдик ичип алган жаран милиция кызматкерин бычактады. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-январь күнү саат 19:30 чамасында шаардагы кичи райондордун биринин тургундары милицияга чалып, бейтааныш кишилер көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө кирип, арак ичип, тынчтык бербей жатканын маалымдашкан.

Тургундар аталган дарек боюнча шаардык милициянын аймактык тескөөчүсү, милициянын майору, М.Н спирт ичимдигин ичип отурушкан белгисиз адамдарды текшерүү үчүн барган.

«Аймактык тескөөчү белгисиз адамдар менен сүйлөшүп жаткан учурда, алардын бири 51 жаштагы жаран милицияны бычак менен ичке сайып жиберген»,- деп айтылат билдирүүдө.

Аталган кылмышка шектүү кармалып, Октябрь РИИБине жеткирилген. Ал мурда психикалык ооруканада каттоодо турганы жана окуя болгон учурда мас абалда болгону аныкталган. Ал эми милиция кызматкери ооруканага жаткырылып, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!