Беш жаштагы бала жол кырсыктан көз жумду

8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 15:03

Аламүдүн районундагы жол кырсыктан 5 жаштагы бала каза болуп, бир аял жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-январь күнү эртең менен саат 7:50 чамасында “Honda CRV” үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу Бишкек шаарындагы Алма-Ата көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып Аламүдүн айылындагы Чекиш-Ата базарынын тушунан эки жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

“Кырсыктын кесепетинен 5 жаштагы бала окуя болгон жерден каза болгон, 40 жаштагы аял ооруканага жеткирилген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда айдоочунун унаасы айып жайга токтотулуп, өзү сурак берүүдө. Ал эми катталган жол кырсыгы боюнча Аламүдүн районунун тергөө кызматы тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!