Кызганычтан аялынын башын жарып өлтүрдү

11-Янв. 2018, Бейшемби, 10:46

Ош шаарында кызганычтан жарандык никедеги аялын өлтүрүп салган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-январь күнү болжол менен саат 11:40 чамасында аталган шаардын Кызыл-Аскер кѳчѳсүндѳгү үйлѳрдүн биринде 1977-жылы туулган аялдын адам колдуу болуп каза болгондугу тууралуу маалымат ОШ ШИИБнын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкѳн.

“Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, ал аял башына жана денесинен алган соккудан улам алган каза болгондугун аныкташкан. Маркумдун тѳрт кабыргасы сынып, баш сѳѳгү жарылгандыгы белгилүү болгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттин негизинде акыркы айларда жарандык никеде туруп, маркум менен бирге жашап жаткан 1977-жылы туулган жаран кылмышка шектүү катары издѳѳгѳ алынган. Натыйжада, ал 9-январда Ош шаарынын борбордук базарынан кармалып, тергѳѳгѳ ѳткѳрүлүп берилген”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми кылмышка шектүү ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ жарандык никеде турган аялын башка эркектерден кызганып,7-январда эле каттуу сабап, үйдѳн чыгып кеткендигин айтып, жасаган кылмышын мойнуна алган. Окуя болгон учурда экөө тең мас абалында болгон.

Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!