Комузчу Фахридин Баяков кайтыш болду

13-Янв. 2018, Ишемби, 15:40

12-январда Ош шаарында 69 жашында Кыргыз эл артисти, белгилүү комузчу, профессор Фахридин Баяков катуу оорудан дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Фахридин Баяков 1949-жылы 11- февралда Тажик Республикасынын Жергетал районунун Дувана айылында туулган. 1967- жылы Ош областына караштуу Кадамжай районунун Жданов атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1967- 1971- жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтун “хорго дирижёрлоо” бөлүмүн аяктап, алгачкы эмгек жолун 1971- 1972-жылдары Ош облусунун Фрунзе райондук маданият үйүнүн директору болуп баштаган. 1972-жылы Советтик армияга чакырылып кызмат өтөгөн. Агайдын көп жылдык өмүрү Ош мамлекеттик университети менен терен байланышкан. 1973- жылдан тартып өмүрүнүн соңку демине чейин ОшМУнун искусство факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, музыкалык аспаптарда аткаруу кафедрасында профессор, ал ишине удаалаш эле Ош областтык Р. Абдыкадыров атындагы филармонияда комузчу-аткаруучу, ОшМУнун “Таланттар академиясында” студенттерге устатык кылуу менен улуу өнөрдү кийинки урпактарга сиңирүүгө зор салым кошту.

Өмүрлүк жубайы Үмүт Ташматова менен бир уул эки кызына татыктуу тарбия беришти. Үй-бүлөдө камкор ата, шакирттерине үлгүлүү устат, өнөргө өрнөк инсан боло алды. Агайыбыздын эмгектери окуучуларына кемибес казына, көөнөрбөс мурас болуп кала бермекчи..

Фахридин Баяковдун үй-бүлөсүнө , бир туугандарына, жакындарына, терең кайгыруу менен көңүл айтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!