Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынынын Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракелик иш-чараларынын алкагында уюштурулган «Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов» аттуу көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Жыл бою Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын көргөзмө залында Чыңгыз Айтматовдун китептери, өмүр баяны жана чыгармачылыгы жөнүндө маалыматтар, чыгармаларына болгон ой-пикирлер, көз-караштар айтылган китеп жана гезит бетиндеги макалалар толукталып турмакчы.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын алкагында 2018-жылы Кыргызпатент тарабынан Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча жаш сүрөтчүлөрдүн иштеринин альбомун басып чыгаруу пландалууда.

Ошондой эле, Кыргызпатент “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы заманбап чакырыктар” жана “Жаштарды маданий тарбиялоодогу Айтматовдун чыгармаларынын ролу” аттуу жаштар форумун өткөрүүнү пландаштырууда.

Көргөзмөнүн дареги: Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана, Эркиндик бульвары, 58-а