Окуу жайлар арасында олимпиада өткөрүлөт

17-Янв. 2018, Шаршемби, 12:44

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы "Адеп Башаты" коомдук прогрессивдүү фонду менен биргеликте Кыргызстанда алгачкы жолу "Илимди издеген ачат" аттуу темада диний окуу жайлар арасында билим олимпиадасын уюштурат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Олимпиада "Фикх" жана "Араб тили" сабактарынан өткөрүлүп, 2 этаптан турат. Биринчи сынак тест түрүндө өтсө, экинчи турунда финалдык жарыш болмокчу. Жеңүүчүлөргө ноутбук, планшет, уюлдук телефон жана башка кызыктыруучу белектер бар.

Олимпиада 2018-жылдын 28-январында Кыргызстан Ислам Университетинде өтмөкчү. Тест сынагы 28-январь күнү саат 10:00 өтсө, саат 14:00до финалдык жарыш өткөрүлөт.

Бардык каалоочуларга эшик ачык.

Сурап билүү телефондору: 0 772 136 847, 0 555 136 847, 0 703 44 20 24.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!