Президент Нурсулу Ахметованы кабыл алды

23-Янв. 2018, Шейшемби, 10:25

Кечээ, 22-январда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоору талкууланды.

Нурсулу Ахметова Сооронбай Жээнбековго узак мөөнөттүү стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу кеңири коомдук талкууну эске алуу менен жүргүзүлүп жатканын билдирди.

“Улуттук кеңештин катчылыгына Стратегия-2040 долбооруна өзгөртүү киргизүү боюнча мамлекеттик органдардан, парламенттик фракциялардан, депутаттардан, жаштардан, ишкерлерден, өлкөнүн аймактарынан, академиялык коомчулуктан, эл аралык уюмдардан Кыргызстандын өнүгүүсүнүн ар түрдүү маселелери боюнча 80ден ашуун сунуштар жана ой-пикирлер келип түштү”, - дейт Нурсулу Ахметова.

Сооронбай Жээнбеков Стратегия-2040 долбоорунун өзөгүндө укуктары жана эркиндиги корголгон, жашоонун тез алмашкан шарттарына даяр адам – Кыргызстандын жараны болушу керектигин белгиледи. Узак мөөнөттүү келечекте Кыргызстан эркин жана көз карандысыз мамлекет болуп, дүйнөдө ийгиликтүү, бакубат жана коопсуз, адамдын жашоосу, ишкерлик жана инвестициялар үчүн ыңгайлуу өлкө катары кабыл алынышы керек

Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстандын стратегиялык өнүгүшүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетишүүсү өлкөнүн аймактарынын бирдей өнүгүшү, экологияга аяр мамиле жасоо маселелери менен тыгыз байланыштуу экендигине көңүл бурду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!