Президент миграцияны кантип токтотуу керектигин айтты

23-Янв. 2018, Шейшемби, 12:36

Бүгүн, 23-январда Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамды жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйынында өлкөдөгү миграцияны кантип токтотуу талкууланды.

Өлкө башчынын айтымына караганда, ал губернатор болуп турган кезде миграцияны токтотууга күчү жеткен эмес. Азыр бул маселени чечүүдө өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө жардам берүү колунан келет.

“Мен премьер-министр болуп турган кезде “Үмүт” компаниясы Талас жана Ош облустарында филиалдарын ачкандан кийин сүттүн сатып алуу баасы 5 сомго көтөрүлгөн. 3-4 уй үй-бүлөнү багат. Ошондой эле малды асылдандырууга көңүл буруу керек. Уйлардан суткасына 60 литрден сүт алып, аны 20 сомдон сатып, бир күндө 1200 сом же болбосо айына 36 миң сом тапса болот. Бул мигранттардын кирешеси менен барабар. Муну менен миграцияны токтотсо болот”,-дейт Жээнбеков.

Президент кепилдик фонддорун тааныштарга эмес, чындыгында эле жардамга муктаж жарандарга жардам берип, региондорго көңүл бурууга жана аларга насыя алууда көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Ошондой эле кепилдик фонддору аз камсыз болгон дыйкандарга насыя алууда жардам берүүлөрү керектигин кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!