​«Бишкек жылуулук тармагына» 200 млн доллар кажет

23-Янв. 2018, Шейшемби, 14:24

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана КРнын, “Бишкек жылуулук тармагы” ААКсынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган келишимге ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан кыргыз тарапка бериле турган жеӊилдетилген насыя каражатынын жалпы көлөмү – 7 млн 200 миӊ доллар. Ал толугу менен «Бишкек жылуулук тармагынын» карамагындагы оӊдоо иштерине жумшалмакчы.

Ушу тапта «Бишкек жылуулук тармагынын» карамагында жалпы узундугу 430 чакырым келген жылуулук куурлары бар, анын 328 чакырымы же 70 пайызы алмаштырылууга муктаж. «Аларды алмаштыруу үчүн 200 млн доллар көлөмүндө каражат табуу кажет. Ошондон улам, Дүйнөлүк банктык каражаты тартылууда», - дейт дейт ААКтын баш директорунун орун басары Уран Раимбердиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!